Сагындырган «Санжыра» радиосу кайрадан ободо! (видео)

793

Бүгүн таң эртеден тарта радио коноктор үчүн каалгасын кеңири ачты. Анын эфирин сагынган өнөр инсандары, саясатчылар, коомдук ишмерлер жана катардагы жарандар биринин артынан бири келип куттуктап жатышты. Улуттук кайрыктарга суусаган радионун күйөрмандары Санжыранын кайрадан обого чыгышын бир-бирине сүйүнчүлөөгө шашылып, таңдан тарта элдин чалууларынан байланыш телефондору бошогон жок.