Сахнадан саясатка аттанган эстрада ырчылары (видео)

881

Шоу-бизнестен парламентке карай жол. Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты болууга бир катар эстрада ырчылары билек түрө киришишти. Сахнадан саясатка аттанууга камынып жаткандардын айрымдары гана пландарын ачыкташты.

Алардын арасында Урмат Үсөнов, эпатаждуу стили менен айырмаланган Кайрат Кыргыз бар. Ырчылардын айрымдары депутаттык мандат алууга олуттуу мамиле жасап жатса, кээ бири парламентке барууну оюн катары көргөндөй таасир калтырууда.