Сахнасы жок Чүй областтык драма театры (видео)

4352

Чүй областтык драма театрынын түптөлгөнүнүн 30 жылдыгына карата чыгармачыл топ күйөрмандарына «Кара чапан» спектаклин даярдоодо. Ал орус драматургу Георгий Хугаевдин «Черная бурка» чыгармасынын негизинде сахналаштырылууда. Учурда эмгек жамаат спектаклге кызуу даярданып жатканы менен, оюн кайсы театрдын сахнасында көрүүчүлөргө сунушталары чечиле элек.

Себеби 30 жылдык тарыхы бар театрдын имараты жок болгондуктан, улам бир маданий жайдын сахнасын алууга мажбур. Буга чейин Сокулуктун Военно-Антоновка айылынын маданий үйүн Чүй областтык драма театрына айлантуу демилгеси көтөргөнү менен ал имаратты жеке тараптардан сатып алуу маселеси ушул кезге чейин чечилбей келет.