Саймаити 700 эмес, 900 миллион доллар чыгарган (видео)

3776

Түркияда атып өлтүрүлгөн Айэркин Саймаити Кыргызстандан 700 эмес, 900 миллиондон ашык долларды сыртка которгон. Кытайлык ишкер ушунча сумманы башка өлкөлөргө чыгарып кетиш үчүн 17 банктын кызматын колдонгон.

Бир нече жылдан бери тарыхы шектүү акчаларды адалдаштырып жүргөнү айтылган Айэркин Саймаити боюнча тергөөнү УКМК, Каржы полициясы жана Ички иштер министрлиги жүргүзүп жатат. Чуулгандуу иш боюнча териштирүүнү Жогорку Кеңеш да өз алдынча баштады.