Саймаитинин өлтүрүлүшү. Бул окуя боюнча депутаттар эмне дейт? (видео)

2610

Жообунан суроосу көп, шектенүүлөрдү күчөткөн бул иш узакка чубалжыдай болуп калды. Эми Түркия тараптын тергөөсүнүн жыйынтыгы менен гана баары белгилүү болот дечи. Бирок Саймаитини өлтүрүүгө шектүү деп кармалгандардын көрсөтмөлөрү улам-улам өзгөргөнү ишти чиелентип жаткандай таасир калтырууда. Алгач алар Кытайлык уйгур ишкер мусулман болбогону үчүн атып салдык деп айтышкан. Андан кийин кайра 1 миллион доллар карызы болгону үчүн көзүн тазаладык деп чыгышты.

Азырынча Саймаити кимге бересе болгону ачыктала элек, бирок киллерлердин кызматы миң доллардан эле бааланыптыр. Ишенүү кыйын. Эң өкүнүчтүүсү Түркияда Кытайлык ишкердин өлтүрүлүшүндө Кыргызстандын дагы аты аталып жатканы. Бул окуя чет өлкөгө мекендештерибиздин укугун коргоп, жардам берүү үчүн жөнөтүлгөн элчилердин эмне менен алектенип жүргөнүн, кыргыз паспортторунун ой келди таратылып жатканын ашкерелеп койду.