Саймаитинин өлүмү. Чуулгандуу иш боюнча 35 киши суралат (видео)

5359

Экинчи депутат УКМКга суракка кирди. «Бир Бол» фракциясынын жетекчиси Алтынбек Сулайманов атайын кызматтын имаратына чакырылган. Ал эми анын кесиптеши Дүйшөн Төрөкулов тергөөчүлөрдүн суроосуна жооп берген. Бирок анда эмне тууралуу сөз болгону белгисиз. Жакын арада УКМКга өкмөт башчы дагы барат.

Өкмөттүн тараткан билдирүүсүндө премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев журналисттик иликтөө боюнча тергөөчүлөрдүн бардык суроолоруна жооп берүүгө даяр экени айтылды. Суракка чакырылучуулардын саны 35ке жеткени белгилүү болду. Түркияда өлтүрүлгөн Айеркен Саймаити менен бийлик өкүлдөрүнүн кандай байланышы болгон?