Саймаитинин өлүмүн иликтеген комиссиянын иш мөөнөтү дагы 2 айга узартылды

4026

Кытайлык ишкер Айеркен Саймаитинин өлүмүн иликтеген депутаттык комиссиянын иштөө мөөнөтү узартылды. Ага мүчө болуп кирген эл өкүлдөрү бул маселе боюнча дагы эки ай алектенишет.

Тиешелүү токтом парламенттин кечээки жалпы жыйынында кабыл алынды. Анткени бул иш боюнча мамлекеттик органдардан маалыматтар келе баштаган. Бирок комиссиянын иши бир айлык мөөнөт менен чектелип калгандыктан мүчөлөрү депутаттардан аны узартып берүүнү сураган.

Жогорку Кеңеш уйгур улутундагы кытай ишкери Айеркен Саймаитинин өлүмүнө байланыштуу 21-ноябрда убактылуу депутаттык комиссия түзгөн. Ага парламенттеги 6 фракциядан 12 депутат мүчө болуп кирген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.