Салайдин Авазов Жалал-Абад шаарынын мэри кызматынан бошотулду

731

Тийиштүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Өкмөттөн билдиришкендей, Авазов жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык жумуштан алынган. Буга ылайык, шаар жетекчиси өз ыктыяры менен кызматынан кеткен болуп эсептелет.

Жалал-Абаддын мурдагы мэри Салайдин Авазов Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо долбоорун ишке ашырууда коррупция боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде камакка алынган. Ал — 2012-2014-жылдары «Электр станциялары» ишканасын жетектеп турган.