Саламаттык сактоо министрлиги: Кыргызстанда сасык тумоо күч алууда

1225

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кыргызстанда сасык тумоонун эпидемиясы башталып жатканын жарыялады.

Акыркы 6 күн ичинде сасык тумоого чалдыккан 9 миңден ашык адам дарыгерлерге кайрылган. Ооруну алдын алуу үчүн бюджеттен 23 миллион сом бөлүнүп, 90 миң доза вакцина сатылып алынган. Илдетке кабылуу коркунучу жогору адамдарга акысыз түрдө эмдөө жүргүзүлгөн.

Мындан тышкары, эл аралык уюмдар жардам иретинде 70 миң доза вакцина алып берген. Учурда медициналык кызматкерлер, кош бойлуулар, балдар үйлөрүнүн тарбиялануучулары, көп ооруган балдарга эмдөө жасалууда.

Белгилей кетсек, тартип сактоо органдарынын координациялык кеңешмесинде коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Сагынбек Исмаилов так ушул тармакта жемкорлук гүлдөп жатканын билдирген. Анын айтымында 90 миң доза вакцина илдетке чалдыгуу коркунучу жогору адамдардын 3% гана түзөт. Калган бөлүгү сасык тумоо менен ооруп, дарылардын түрүн алып фармкомпанияларды багууга аргасыз болуп жатат.

Акыркы убакта, Кыргызстанга антибиотиктердин түрлөрү келүүдө. Аны дарыгерлер бейтаптарга ойлонбостон жазып ортодон акча табышат. Ал антибиотиктерди колдонгон адамдын организми башка дарыларды тоготпой калат деди Сагынбек Исмаилов. Ал мамлекеттик органдарды фарммафияларга каршы күрөшүүгө чакырды.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.