Саламаттык сактоо министрлиги: Кытай менен чек ара ачылбасын! (видео)

1660

Саламаттыкты сактоо министрлиги Кытай менен чек араны ачпай турууга чакырды. Буга дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус башка өлкөлөргө жайылып жатканына байланыштуу эл аралык өзгөчө абал жарыялаганы себеп болду. Өлкөнүн башкы дарыгери Космосбек Чолпонбаев, Кыргызстанды коркунучтуу илдеттен оолак кылуу үчүн чек араны жабуу керек дейт.

Акыркы 3-4 күн ичинде эле Үрүмчүдөн Россия, Казакстан аркылуу келген 42 адам Кыргызстандын чек арасынан өтөн. Алардын 24ү кыргыз жараны болсо, калгандары кытайлыктар. Эскерте кетсек, кошуна өлкөдө майрамдарга байланыштуу чек ара 31-январга чейин жабылган, бул мөөнөт аяктады. Бирок коронавируска байланыштуу чек араны ачпай туруу боюнча азырынча чечим кабыл алына элек.