Саламаттык сактоо министрлиги: Митингде жабыркаган жети адамдын абалы оор

9409

Бишкекте 5-6-октябрдагы митинг учурунда ооруканаларга кайрылгандардын саны 686га жетти. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, алардын 521и алгачкы медициналык жардам алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жиберилген. Ар кандай жараат алган 164 киши ооруканада жатат, анын ичинен жети адамдын абалы оор. Учурда реанимацияда. Буга чейин министрлик оор абалдагылардын саны 13 киши экенин билдирген.

6-октябрга караган түнү Бишкекте парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы партиялардын тарапкерлеринин митинги массалык башаламандыкка чейин жетип, милиция менен митингчилер кагылышкан. Анда катуу жараат алган 19 жаштагы жигит ооруканада көз жумган.

4-октябрда Кыргызстанда парламенттин жетинчи чакырылышына депутаттарды шайлоо өткөн. Он алты партия катышкан шайлоонун алдын ала жыйынтыгы жарыялангандан кийин ага нааразы болгон партиялардын миңдеген тарапкерлери 5-октябрда Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына чогулуп, добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну жана кайра шайлоо өткөрүүнү талап кылышкан.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.