Саламаттык сактоо министрлиги ымыркай сатуу боюнча ишти териштирүүдө

960

Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкекте ымыркайларды сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишин териштирүүнү баштады.

Эске салсак, өткөн жума күнү бала сатууга шектелип, Бишкектеги үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун 2 гинекологу кармалган. Айрым маалымат булактарында ал гинекологдор кармалган учурда биринин унаасында чарчап калган ымыркайлардын сөөктөрү болгону да кабарланууда.

Ички иштер министрлигинин басма-сөз кызматы кармалгандардын бири камакка алынганын билдирген болчу. Бирок бүгүн эки дарыгер тең үй камагына чыгарылганы белгилүү болду.

Ошондой эле, тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн бул кылмышка шектүүлөрдүн аты-жөнү жана алар иштеген медициналык мекеме тууралуу маалыматтар азырынча ачыкталбай жатат.