Саламаттык сактоо тармагында кандай реформалар жүргүзүлүүдө? (видео)

641

Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун айрым кызматкерлери саламаттык сактоо тармагында жүргүзүлүп жаткан реформага нааразы. Алардын пикиринде, бул медиктердин маянасы үчүн да, бейтаптардын саламаттыгы үчүн да кооптуу. Реформага ылайык, дарыгерлер эми бир эле учурда гинеколог, педиатр жана терапевт болуп калышат экен. Демек, кургак учук менен жабыркаган бейтап да, кош бойлуу келин да, кичинекей балдар да — бир дарыгерге көрүнүп калат. Бул абдан кооптуу, дешет тажрыйбалуу дарыгерлер.

Ошондой эле, дарыгерлер айлыкты баллдык система менен эсептөөгө каршы болуп жатышат. Себеби мындай ыкма менен айлык алгандардын маянасы башта убадалангандай 30 миң сомго чейин жогорулабай, тескерисинче, мурдагыдан кыйла кыскарып кеткен. Бирок министрлик өкүлдөрү дарыгерлер кааласа да, каалабаса да, реформа башталганын жана артка жол жок экенин айтышууда.