Салттуу музыка жумалыгы уланууда (видео)

1810

Күү күнү. Кыргызстанда салттуу музыка жумалыгы уланууда. Мунун алкагында унутта калган байыркы музыкалык аспап — жетигенде ойноо боюнча мастер-класс өткөрүлдү.

Казакстандан келген «Каусар» тобунун мүчөлөрү аспаптын тарыхын айтып, аны кандай чертүү керектигин көрсөтүп беришти. Жетиген аспабы унутта калып кийинчерек кайра өздөштүрүлө баштаган. Музыка изилдөөчүлөр бул аспапта илгери кыргыздар ойноп келгенин айтышат.