Салянованын адвокаты Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылды

700

Учурда Бишкектеги №1 тергөө абагында камалып жаткан мурдагы башкы прокурор Аида Салянованын адвокаты Рабига Сыдыкова экс-депутат кыйноого кабылып жатканын айтып, бул боюнча ал Кыйноолорго каршы улуттук борборго кайрылууда.

Айтымында, соңку 3 күндө Салянованын абалы оорлошуп кеткен. Себеби аны аягына чейин дарылабай, доктурдан шашылыш түрдө чыгарып жиберишкен. Муну кыйноого кабылды деп бааласа болот, дейт жактоочу. Адвокаттын айтымында, ага чейин доктурлар Саляновага операция жасоо керектигин билдиришкен. Чала дарылап койгондуктан абалы оорлошуп кетти, дейт Сыдыкова.

Кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп чыгышына шектүү катары быйыл 3-июнда камакка алынган мурдагы башкы прокурор Салянова Бишкектин №1 тергөө абагында кармалууда. Ал 15-июнда ооруканага которулуп, бирок 14 күндөн кийин кайра абакка жеткирилген. Туугандары ага жүрөк илдетинен тышкары «пневмония» деген диагноз коюлганын айтууда. Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы Салянованын саламаттыгы көзөмөлдө экенин жана өмүрүнө коркунуч жок экенин билдирип келет.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.