Салык кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

629

УКМКнын маалыматына караганда, мекеменин кызматкерлери 24-май күнү ыкчам иликтөө иш-чарасын өткөрүп, анын алкагында Бишкек шаардык Биринчи май райондук салык кызматынын башкармалыгынын кызматкерин пара алып жаткан жеринен колго түшүрүшкөн.

Маалыматтарга караганда, шектүү ишкердин патентин кайра каттоодон өткөрүп берүү үчүн акча сураган. Аталган факты боюнча «пара талап кылуу» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат. Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.