Салык кызматкери жеке ишкерден 200 миң сом талап кылган

886

Салык кызматынын Ысык-Ата району боюнча башкармалыгынын сектор башчысы жана анын кызы пара алууга шектелип колго түшүрүлдү. Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын билдиргенине караганда, мекемеге 19-июль күнү жеке ишкер кайрылган. Ал салык кызматынын өкүлү көптөн бери «бизнести тынч жүргүзүү» үчүн 200 миң сом талап кылып жүргөнүн айткан.

Маалыматка караганда, салыкчы «акчаны бербесең, текшерүүлөр көбөйүп, бизнесиң жок болуп кетет» деген таризде коркутууга алган. Арыз жазган ишкер аял ден- соолугу начарлап кеткендиктен, Кант шаарындагы ооруканалардын биринде жаткан. Шектүү дал ошол жерге 1800 доллар өлчөмүндөгү пара алганы келгенде кармалды.

Пара талап кылуу фактысы кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталды. Ошондой эле бул ишке тиешеси бар деп шектелүүчүнүн кызы дагы колго түшүрүлдү. Кармалгандар Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.