Салык кызматы Камчыбек Жолдошбаевдин мүлкүн текшерет

972

Салык кызматы Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин мүлкүн текшерет. Мындай аракеттер парламентарийдин декларацияга киргизилбеген үйү табылды деген маалыматтан кийин башталган.

Мекемеден билдиришкендей, 1-июлдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин чыгаша жана киреше тууралуу маалыматтары салыштырылат. Эгерде кандайдыр бир айырмачылыктар болсо, анда тийиштүү органдар укуктук баа беришет. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында Бишкекте депутат Камчыбек Жолдошбаевдин үйү делген видео чыккан.

2,5 гектар жерди ээлеген хансарайда эл өкүлү жашай турганын анын жардамчысы жана турак-жайдын күзөтчүлөрү ырасташкан. Бирок бул хансарай депутаттын мүлкү тууралуу декларациясында көрсөтүлгөн эмес. Эл өкүлү бул үй “Беш-Сары” компаниясына катталганын айтууда.

Ал эми Камчыбек Жолдошбаев дал ошол “Беш-Сары” компаниясынын негиздөөчүсү жана кожоюну катары белгилүү.