Салык кызматы жашыруун 7 млрд. 717 млн. сомдук салыкты таап чыкты

871

Мамлекеттик салык кызматы быйылкы жылдын 6 айында көмүскөдөгү 7 миллиард 717 миллион сомдук салыкты таап чыкты. Бул туурасында аталган мекемеден кабарлашты.

Ага ылайык, жашыруун салыктарды аныктоо үчүн 6 миңге жакын текшерүү жүргүзүлгөн. Учурда көмүскө каражаттардын 6 миллиардга жакыны өндүрүлгөн. Бул өткөн жылдын ушул маалына салыштырмалуу 1,5 миллиард сомго көп.

Ошондой эле, калган 1 миллиард 316 миллион сомду өндүрүү үчүн 115 материал Укук коргоо органдарына берилген.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.