Салык кызматындагы өрт. Документтер күйгөн жок (видео)

1984

Акыркы суткада өлкө ичинде 14 өрт кырсыгы катталса, бир жума аралыгында бул көрсөткүч 120га жетти. Бүгүн эле Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан турак-жайдан өрт чыгып, курулуштун бир тобу күлгө айланды. Кечээ болсо борбор калаадагы Октябрь райондук салык кызматынын бир бөлүгү өрттөнүп кеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул кырсыктарга көбүнесе жылытуу жабдыктарын туура эмес пайдалануу себеп болгондугун билдирүүдө. Андыктан алар атайын жылыткычтарды, электрмештерин колдонууда этият болууга чакырууда.