Салык кызматынын бардык бөлүмдөрү өзгөчө режимде иштей баштады

971

Бүгүнтөн тарта 28-февралга чейин салык кызматынын өлкөдөгү бардык бөлүмдөрү өзгөчө режимде иштей баштады. Ага ылайык, алар эртең мененки саат 9дан тарта түнкү 12ге чейин иштешет. Мындай чечим учурда Бирдиктүү салык декларациясын тапшырып жаткандардын агымы күчөп жаткандыгы менен байланыштуу.

Салык төлөөчүлөрдүн дээрлик көпчүлүгү кечки саат алтыга чейин иштешкендиктен, киреше-чыгаша тууралуу маалыматтарын тапшырууга жетишпей калышууда. Ал эми бүгүнкү күнгө карата Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган салык төлөөчүлөрдүн саны 63 миңге жеткени белгиленди.

Эске салсак, юридикалык жактар 1-мартка чейин ал эми жеке жактар 1-апрелге чейин өздөрүнүн былтыркы жылкы киреше-чыгашалары, кыймылдуу жана кыймылыз мүлктөрү тууралуу маалымат тапшырууга тийиш. Өз убагында Бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандар жеке жактар 2 миң сом административдик айыпка тартылса, юридикалык жактар үчүн айыптын өлчөмү 10 миң сомго жетет.