Салык төлөбөгөндөргө карата рейд өткөрүлөт (видео)

891

Транспорт, турак-жай жана жер салыгын төлөөнүн мөөнөтү аяктайт. Атайын кассалар кечки 10го чейин иштесе, төлөм кабыл алуучу терминалдар менен банкоматтар түнү бою иштейт. Адистер эртеңден тарта салык төлөөдөн качкандарды аныктоо үчүн атайын рейддер өткөрүлө баштаарын айтышууда.

Ошондой эле, инспекторлор турак-жай, жер ээлеринин үйлөрүн кыдырышат экен. Ал эми өлкө жарандары салык төлөөдөгү майда барат тоскоолдуктар, узун кезек болуп жатканына нааразы экенин айтышууда.