Самара Каримова музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду

1301

Ырчы Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду. 2 күн жетекчилик кызматта отурган Каримова маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкуловдун чечими менен иштен кетирилди.

Маалыматка ылайык, Самара Каримова бул кызматка мекеменин статс-катчысынын чечими менен Жаманкулов министр боло электе эле мыйзамсыз дайындалып калган. Мындан улам ырчыны кызматка дайындоо тууралуу чечимди Азамат Жаманкулов жокко чыгарган.

Буга чейин дагы Самара Каримова «Сулайман-Тоо» музей-комплексине жетекчи болуп дайындалып, бирок коомчулуктун нааразычылыган кийин, бул кызматтан баш тартканын жарыялаган эле.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.