Самарканд облусунда экстремизм айыбы менен 226 киши издөөгө алынды

712

Акыркы беш айда агитациялык жана ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында мурун диний-экстремисттик идеалардын таасирине кирип кетип, издөөдө жүргөн он беш киши туруктуу жашаган жерине кайтып келди.

Жергиликтүү ММКлар кабарлагандай, учурда диний экстремизмге шектелген 226 киши издөөдө жүрөт.

Буга чейин диний экстремизмге шектелген самарканддык 1623 киши укук коргоо органдарынын “кара тизмесинен” чыгарылды.

2018-жылдын башынан тарта Самарканд облусунда экстремизм, терроризм айыбы менен 12 киши жоопкерчиликке тартылган.

Алардын ичинен сегизи чет өлкөгө иштөө үчүн кетип, Интернет аркылуу экстремисттик топторго кошулган, калгандары диний фундаментализмди үгүттөө иштери менен алектенишкен.