Самарканддагы жапырт уулануунун себептери айтылды

1122

Өзбекстандын Саламаттык сактоо министрлиги Самарканддагы жапырт уулануу боюнча расмий билдирүү жасады. 22-октябрда шаарда тамакка ууланган 17 киши ооруканага жаткырылган.

Мекеменин маалыматына караганда, тергөөнүн жыйынтыгында бейтаптар шаарда мыйзамсыз иштеп жаткан тез татым жайларынын бириндеги ход-догго ууланганы аныкталды.

Белгиленгендей, ал тамактануу жайы каттоосуз жана медициналык көзөмөлдөн өтпөстөн иш жүргүзүп жаткан.

Текшерүүлөрдөн кийин ишкердин санитардык жана гигиеналык талаптарга жооп бербеген бизнеси жабылды.