Самбо боюнча мыктылар аныкталды (видео)

4170

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаарында эркектер жана кыз-келиндер арасындагы самбонун спорттук жана күжүрмөн түрлөрү боюнча чемпионат болуп өттү. Иш-чаранын финалдык бөлүгү Кааба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда уюштурулган.

Анда өлкө боюнча 300 спортчунун арасынан тандалып чыккан 15тен ашык самбо чеберлери күч сынашты. Жыйынтыгында 7 салмак категориясы боюнча мыктылар аныкталып, жеңүүчүлөргө медалдар тапшырылды.