Саммит жана Көчмөндөр оюнуна карата коопсуздук чаралары күчөтүлөт

1266

Көчмөндөр оюндарын жана Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтыгы кеңешинин өлкө башчыларынын саммитин өткөрүү үчүн коопсуздук чаралар күчөтүлөт.

Эки ири иш-чаранын жүрүшүндө 6 миңден ашык милиция кызматкери коомдук тартипке көз салып, Ички иштер органдарынын жеке курамы жогорку даярдыкта болуп турат.

Учурда жер-жерлерде милиция кызматкерлери түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин аткарууга киришишти.