Самолетто чыр чыгарган жетекчи-айымдын абийрин ким төктү? (видео)

658

Сеул шаарынын аэропортунда болгон окуяны айрым таасирдүү кызмат адамдары жашырууну талап кылышкан. Бул тууралуу Кыргызстандын Түштүк Кореядагы элчиси Кылычбек Султан журналисттерге маалымат жыйынын өткөрдү. Дипломаттын айтымында, эмгек жана социалдык министринин орун басары Зууракан Каденова менен болгон окуяга Сеулдагы элчиликтин кызматкерлери жооптуу болуп калбашы үчүн окуяны ачыкка чыгарууну туура көргөн.

Элчи Кылычбек Султандын айтымында, министрдин орун басары мас абалында экенин тастыктап, бир нече адам кол койгон документтер бар жана алар тиешелүү жактарга өткөрүлүп берилди. Ал арада Зууракан Каденова дагы билдирүү жасап, ал учар алдында «карвалол» дарысын керектүү өлчөмдөн көп ичип алганын айтууда.