Санариптештирүүдө аксаган аткаминерлер сынга кабылды (видео)

881

Пенсияга чыгуу, балага сүйүнчү жана жөлөк пул алууда бюрократиялык тоскоолдуктар жоюулушу керек. Ал үчүн керексиз документтер жокко чыгарылышы шарт. Муну «Түндүк» системасы аркылуу ишке ашырууга болот. Бирок мамлекеттик мекемелердин жетекчилери бул жаатта чабалдыгын көрсөтүүдө, дейт президент Сооронбай Жээнбеков.

Ош шаарында «Санарип Кыргызстан: Аймактарды өнүктүрүү» аттуу биринчи телекоммуникациялык форум өттү. Анда өлкө башчысы күзгө чейин персоналдык маалыматтарды коргоо боюнча мамлекеттик орган түзүү өтө зарыл экенин кошумчалады.