Санариптик телеберүүнүн көйгөйлөрү (видео)

866

Коңшу өлкөлөрдүн телеканалдары Кыргызстандын аймагында ээн эркин көрсөтүлүүдө. Муну менен биринчиден башка мамлекеттердин идеологиясы жайылтылып, экинчиден коңшу өлкөлөрдөгү реклама берүүчүлөр жергиликтүү телеканалдарга жарнама жайгаштырууга кызыкпай жатыптыр. Андан тышкары, былтыр өлкө толугу менен аналогдук көрсөтүүдөн санарипке өтүп, сигналдарды жеткирүү жеңилдеген. Бирок анын акысы төмөндөгөн эмес. Буга өлкөдөгү бир катар телеканалдардын жетекчилери нааразычылыгын билдиришти.