Санариптик трансформацияны тез арада ишке ашыруу керек (видео)

739

Санариптик трансформация долбоорун тез арада ишке ашыруу керек. Мындай тапшырманы президент Сооронбай Жээнбеков маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиев менен санартиптик трансформациялоо боюнча эксперттик кеңештин төрагасы Дастан Догоевди кабыл алганда берди.

Аталган жетекчилер өкмөттүн ишинин санарипке өтүшү, маалыматтарды бөлүшүүнүн электрондук форматын түзүү боюнча кандай иштер жүргөнүн президентке билдиргенден кийин журналисттер менен дагы маалымат бөлүшүштү.