Санитардык абалы үрөй учурган ашканага айып пул салынды (видео)

3523

Жапырт ууланууга байланыштуу «Империя пиццы» тамактануу түйүндөрүнө 36 миң сом айып пул салынды. Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык борборунун жетекчилигинин билдирүүсүнө караганда, учурда изилдөөлөрдүн жыйынтыктары толук чыгып, отчет даярдалууда. Өткөн аптада уулангандардын саны 350гө чукулдап барып токтогон.
Ал арада борбор калаадагы башка дагы тамактануучу жайларга текшерүүлөр байма-бай жүрүүдө. Бир жуманын ичинде эле адистер 26 ашкананы текшерип чыгып, андагы талапты аткарбагандарга 200 миң сомдон ашык айып пул салган. Бүгүн дагы ушундай эле рейд иштери уланды. Анын жүрүшүндө айрым ашканалардын санитардык абалы чындап үрөйдү учурарлык экени белгилүү болду.