Санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 155,5 миң сом айып салынган

6875

Чүй облусунда санитардык талаптарды аткарбаган ишкерлерге 155,5 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу маалымат жыйында өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн орун басары Светлана Волкова билдирди.

Анын айтымында, облуста жалпы 803 ишкерлик субъект текшерилген. “Текшерүүнүн жыйынтыгы менен 515 эскертме, 48 эскертүү жазылып берилген. 155,5 миң сомго 108 айып пул салынды”, — деди ал.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.