Сания Шакирова каза тапкан жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

1422

Балалуу айымдар арасында 2018-жылдын Дүйнө сулуусу наамына татыган Сания Шакированын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Ал 2-июнда кечки саат ондордо Ысык-Көлдүн Чок-Тал айылында болгон жол кырсыгында каза тапкан.

Шакирова бара жаткан «Дэу Нексия» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып, жол боюндагы мүрзөнүн дубалын сүзүп, ала салып кеткен. Анын натыйжасында, ал машинеде бара жаткан 30 жаштагы Сания Шакирова мерт кеткен. Унаанын ичиндеги дагы бир жүргүнчү жана айдоочу оор абалда ооруканага жеткирилди. Учурда кырсыктын чоо-жайы такталып жатат.

Ал арада, аварияга кабылган такси машинасын башка бирөөлөр айдап кетип, колдонушу мүмкүн экендиги айтылууда. Анткени такси кызматын көрсөткөн компания алардын унаасын айдаган айдоочу 27 жашта болгонун айтууда.

Ал эми, кырсык болгон учурда рулда 31 жаштагы киши отурганы аныкталды. Ошондуктан унаага ээлик кылган 27 жаштагы жаран суракка чакырылды. Каза болгон Сания Шакированын артында үч баласы калды.