Санкт-Петербургда жоголгон кыргызстандык баланын сөөгү табылды

704

Орусиянын Санкт-Петербург шаарында 11 жаштагы кыргызстандык баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Билдирүүдө айтылгандай, 26-январда Кыргызстандын 42 жаштагы жараны анын уулу Орусияда апасы менен жүрүп дайынсыз болуп жатканы тууралуу арыз жазган. Факты боюнча Санкт-Петербургдун тергөө комитети Орус Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 105-беренесинин (“Киши өлтүрүү”) негизинде кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин баштаган.

6-февраль күнү шаардын «Купчино» метросунун жанынан баланын сөөгү табылган. Ал муунтуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Өспүрүмдү өлтүрүүгө шектүү катары баланын апасы жана анын күйөө баласы камакка алынган. Алар бул ишке эмне үчүн барганы да такталууда.