«Санжыра – 2018» — жыл мыктылары тандалды (видео)

2485

«Санжыра» радиосу жыл мыктыларын аныктады. Бул ирет абройлуу сыйлык фольклор, эстрада, манасчылык, поэзия, төкмөлүк өнөр, кол өнөрчүлүк боюнча баардыгы болуп 11 номинацияда тапшырылды. Өнөр ээлери Кыргызстандын бардык жети дубанынын өкүлдөрү.

Мыктыларды тандап алууда радионун угармандары активдүү катышып, жеңүүчүлөр эл берген добуштардын негизинде аныкталган. Долбоор өнөр адамдарын шыктандырып, алардын чыгармачылыгына дем берүү максатында өткөрүлүп келет. «Санжыра» сыйлыгы быйыл төртүнчү ирет тапшырылды.