«Санжыра» радиосу таланттарды издейт (видео)

1224

«Санжыра» радиосу эл ичиндеги өнөрпоздор арасында сынак жарыялайт. Угармандардын сүймөнчүлүнө ээ болгон “Селкинчек” прогаммасына катышуу үчүн эң жөнөкөй шарттар коюлган. Конкурска катышуучулардын жаш курагы 16-30 жашка чейин болуп, алар аваз үңдүү болуусу шарт. Кастинг 25-февралда НТС телеканалында өткөрүлөт.

Долбоорго өлкөнүн бардык булуң-бурчунан таланттар катыша алат. Тандоо турунан өткөндөр чейрек финалга жолдомо алып, «Селкинчек» берүүсүндө обого чыгышат. Эң мыктылары иргелип, “Санжыра” радиосунун жыл жыйынтыгын чыгарган “Элдик таланттар” номинациясында ат салышат. Андыктан “Санжыра” радиосу колунда комузу бар, чоң сахнага чыгууну көксөгөн талант ээлерин күтүүдө.