“Санжыра” радиосу үчүн интеллигенция өкүлдөрү кол топтоодо (видео)

904

«Санжыра» радиосунун эфирге чыкпай калышы коомчулуктун нааразылыгын жаратууда. Интеллигенция өкүлдөрү радиону обого чыгаруу өтүнүчү менен өкмөткө кат жолдоп, ага 150 киши кол коюп берген. Ошондой эле, социалдык тармактарда дагы бул маселе кызуу талкууга алынууда. Эске салсак, «Санжыра» радиосу 8-ноябрдан тартып эфирге чыкпай калды. Буга Байланыш агенттигинин лицензия мөөнөтүн узартуудан баш тартканы себеп болгон. Радио 2011-жылдан тартып обого чыга баштаган. Кыска убакыттын ичинде элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон радионун эфирге чыкпай калышы — жалпы кыргызстандыктар үчүн чоң жоготуу болот, дешет алар.