«Санжыра» радиосун кайрадан обого чыгаруу максатында кол топтолууда

928

«Санжыра» радиосун кайрадан обого чыгаруу өтүнүчү менен кол топтоо уланууда. Буга чейин ырчылардан, белгилүү маданият ишмерлерден, эл баатырларынан, жазуучу-акындардан турган интеллигенция өкүлдөрү өкмөткө жолдонгон катка кол коюп беришкен.

Кечээги күнгө карата 150 адамдын колу топтолду. Бул демилгени колдогондор социалдык тармактар аркылуу кайрылып, кол чогултуу уланып жатат. Эске салсак, «Санжыра» радиосу 8-ноябрдан тартып эфирге чыкпай калган. Буга Байланыш агенттигинин лицензиянын мөөнөтүн узартуудан баш тартканы себеп болгон.

Радио 2011-жылдан тартып обого чыга баштаган. Кыска убакыттын ичинде эл арасында популярдуу болуп, жалпы журттун сүймөнчүлүгүнө ээ болгон радионун обого чыкпай калышы угармандардын укугун бузгандыкка жатат, дешет кол топтоп жаткандар.