«Санжыра» радиосун сагынган Оштун тургундары (видео)

801

«Санжыра» кайрадан обого чыга баштаганына өлкөнүн аймактарындагы радио угармандар дагы кубанып турган чак. Алардын арасында айдоочулар, наабайчылар, чыгармачыл инсандар жана башка кесип ээлери бар. Жүргүнчү ташыган коомдук транспортто бара жатканда жолду кыскарткан «Санжыранын» берүүлөрү эфирде жаңыра баштаганына жалпы калың эл кубанууда. Кыргыздын улуттук обондору менен ырларын жайылткан радио өлкөнүн аймактарында, айыл-кыштактарында өзгөчө популярдуу.