Сапар Исаков 15 жылга камалышы мүмкүн (видео)

5042

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков 15 жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Мамлекеттик айыптоочу Бишкек жылуулук электр борбору боюнча кылмыш ишиндеги жарыш сөздө мурдагы жетекчилердин баарын күнөөлүү деп табууну өтүндү. Ага ылайык, прокурор фемида өкүлдөрүнөн Улуттук энергохолдингтин экс-жетекчиси Айбек Калиевди 17 жылга, ал эми Жантөрө Сатыбалдиевди 11 жылга кесүү керектигин айтты.

Коррупцияга жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга айыпталган мурдагы 8 аткаминерди жалпысынан 7 жылдан 17 жылга чейин эркинен ажыратуу суралды. Ошондой эле, алардын барынан 5 миллиард сомдук чыгымды өндүрүп алуу керектиги белгиленди.