Сапар Исаков 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн (видео)

676

Өткөн жылдагы Бишкек жылуулук электр борборунда болгон аварияга байланыштуу сот отурумдары уланууда. Бишкектин Биринчи май райондук сотунда, бир жыл мурда болгон кырсык учурунда энергетика тармагын башкарып турган жооптуу адамдардын үстүнөн сот жараяны болду.

Мамлекеттик айыптоочулар мурдагы жетекчилерге 2017-18-жылдагы жылытуу сезонуна даярдык көргөн эмес деген күнөө тагышууда. Ал арада эки күн мурда Бишкек ЖЭБин модернизациялоого байланыштуу коррупция беренеси менен айыпталып жаткан мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун айыбы да угузулду. Ал 15тен 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн экен.