Сапар Исаков премьер-министр болобу? (видео)

1012

Парламенттеги көпчүлүктүн коалициясы өкмөттүн жаңы курамын кароо үчүн жыйынга чогулаары кабарланууда. Премьер-министрликке КСДП фракциясы президенттин аппаратынын башчысы Сапар Исаковдун талапкерлигин жылдырып жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков билдирди. Анын айтымында, башка кызмат орундарына дагы талапкерлер караштырылууда. Алсак, биринчи вице-премьерликке – өнөр жай, энергетика жана кен байлыктарын пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев менен Улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов көрсөтүлгөн. Андан тышкары, экономикалык блоктогу министрлер дагы алмашышы мүмкүн. Учурда бул боюнча парламентте сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Белгилей кетсек, 25-августта депутаттар кезексиз сессияга чогулуп, өкмөттүн жаңы курамын бекитишет. Мындай сунуш менен кечээ күнү президент Алмазбек Атамбаев Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылган.