Сапар Исаков сотко күч менен алып келинди (видео)

8272

Бишкектин Свердлов райондук сотундагы процесске мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду УКМКнын кызматкерлери күч менен алып келишти. Бирок экс-өкмөт башчы сот залына кирүүдөн баш тартып жатып, отурумдун башталышы эле бир топко созулду.

Бул арада фемида өкүлдөрү мындан кийин Исаков процесстерге катышуудан баш тарта турган болсо, мажбурлап алып келүү жөнүндө токтом кабыл алууга жетишишти. Бирок көп өтпөй Сапар Исаков көрсөтмө бере турганын билдирди. Бир топ мурдагы аткаминерлер коррупцияга шектелген Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоо боюнча сот жабык өтүүдө.