Сапар Исаков үчүнчү жолу УКМКга суракка чакырылды

893

Мурдагы премьер-министр буга чейин эки ирээт Бишкек жылуулук электр борборун оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында күбө катары чакырылган.

Эске салсак, 17-майда Бишкек ТЭЦи боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын тыянагы чыгарылып, анда 386 миллион доллар Кытай насыясынын сарпталышына байланыштуу тийиштүү жетекчилерге укуктук баа берүү боюнча Жогорку Кеңетин токтому кабыл алган.

Ал документте ошол кезде президенттик аппараттын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп турган Сапар Исаковдун иш-аракеттерине дагы укуктук баа берүү боюнча өзүнчө пункт каралган.