Сапар Исаков УКМКга сурак берди (видео)

1014

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков УКМКга суракка чакырылды. Бүгүн ал саат үчтө атайын кызматтын имаратына барып, тергөөчүлөрдүн коштоосунда көрсөтмө берүүгө кирип кетти. Сапар Исаков өзү кайсы иш боюнча суракка чакырылганы тууралуу маалыматы жок экенин билдирди. Ал эми УКМКдан кабарлашкандай, мурдагы премьер-министр Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоого байланыштуу козголгон кылмыш иштин негизинде күбө катары чакырылды. Эскерте кетсек, ТЭЦти жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш иши козголуп, буга чейин «Улуттук энергохолдингтин» мурдагы жетекчиси Айбек Калиев камакка алынган. Ал дагы алгач күбө катары үч-төрт жолу чакырылган болчу.