Сапар Исаковдун ордуна Иса Өмүркулов келиши мүмкүнбү? (видео)

863

Жакын арада Кыргызстанда премьер-министр алмашуусу мүмкүн. Бул тууралуу Жогорку Кеңеште да, саясий тар чөйрөдө да сөз болуп жатканын айрым маалымдоо каражаттары жазып чыгышты. Андагы маалыматтарга ылайык, Сапар Исаковдун өзүнө жана ал жетектеген өкмөткө ичи чыкпаган депутаттар көп. Мындан улам анын ордуна парламенттеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун келээри айтылып жатат. Азырынча башкаруучу партиянын өкүлдөрү бул маалыматты төгүндөшүп, бирок өкмөттүн курамында олуттуу өзгөрүү болушу мүмкүн экен айтышууда. Министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн катарында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн?