Сапар Исаковдун отчету бүгүн Парламентте талашка түштү (видео)

733

Өкмөт өзүнүн курамы жана түзүмү боюнча 1-сентябрга чейин кыскартууларга барышы керек. Мындай сунушту премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматын угууда депутаттар айтышты. Реформанын алкагында бири-биринин функцияларын кайталаган мекемелер жоюлушу мүмкүн экен. Алардын катарында Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы менен өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети бар. Ошондой эле, коргоо иштери боюнча мамлекеттик комитет дагы кыскартылышы ыктымал. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттардын сунушун эске ала турганын билдирди.