Сапар Исаковго «коррупция» беренеси боюнча айып тагылды (видео)

1374

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети Бишкек жылуулук электр борборун жаңылоого байланыштуу кылмыш ишинин алкагында Сапар Исаковго айып такты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады. Кечээ күнү Исаков Улуттук коопсуздук комитетинде 6 саат сурак бергенден кийин, эч жакка чыкпоо жөнүндө тил катка кол коюп, кое берилген. Ал өзүнө козголгон кылмыш иши боюнча комментарий бергенде, өзү таза экенин, бул айыптоого таң калып жатканын билдирген. Депутаттык комиссиянын мүчөлөрү болсо Сапар Исаковдун кытайлык компанияны тандоого кийлигишкени документтер менен тастыкталганын айтышууда.