Сапар Исаковго «оор жагдайларды жараткан коррупция» боюнча айып тагылууда

712

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковго дагы бир айып тагылып, ал оор жагдайларды жараткан коррупция ишине шектелүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинен билдиришти.

2016-жылы кыргыз өкмөтү менен Түркиянын ТИКА уюму ортосунда Улуттук тарых музейин реконструкциялоо боюнча келишимге кол коюлган. Ага ылайык агенттик 3 жылдын ичинде 15 миллион доллар гранттык каражат бөлүп бермек.

Бирок музейди реконструкциялоодо президенттин аппаратынын ошол кездеги жетекчиси Сапар Исаковдун жана башка кызмат адамдары кийлигишип, оңдоп-түзөө иштери 2017-жылдын 31-августуна чейин бүтсүн деген негизсиз талаптарын койгондуктан, Түркия тарап жумушту улантуудан баш тарткан. Жыйынтыгында, музейди реконструкциялоо үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 жарым миллиард сомдон ашык каражат сарпталган.

Ошондой эле, экс-өкмөт башчысы жеке тараптар менен мыйзамсыз туруктуу байланыш түзүп жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча мыйзамдарын бузуу менен музейге жаңы экспозиция жасоо боюнча Германиялык компанияны тартып келген. Мунун негизинде, Сапар Исаковго коррупция беренесинин «оор жагдайларды жараткан коррупция» бөлүгү боюнча айып тагылууда.

Эске салсак, ал буга чейин Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо ишинде дагы «коррупция» беренеси боюнча айыпталган.

Бул тууралуу маалыматты кенеңирээк НТСтин жаңылыктарынан көрө аласыздар.